Активдүү вакансиялар

«Элет-Капитал» МФКда эмгектенүү - келечекте ийгиликтүү карьеранын жана алдыга карай илгерилѳѳнүн ачкычы!

Биз жогорку натыйжаларды кѳрсѳтүүгѳ жана олуттуу ийгиликтерге жетүүгѳ жѳндѳмдүү тажрыйбалуу жана кесипкѳй инсандар менен кызматташууга ар дайым кызыктарбыз. Компаниянын кызматкерлери квалификацияны жогорулатуу курстарына, тренингдер менен мастер-класстарга үзгүлтүксүз катышып турат. «Элет-Капитал» ѳзү сунуш кылган сервистин менеджменти жана сапаты боюнча эӊ жаӊы стандарттарды жайылтуунун үстүндѳ иштеп келет.

Бардык каалоочулар стажировкадан ѳтүү же жумушка кирүү үчүн резюмесин Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. почта дарегине жибере алышат. Резюмелер тѳмѳнкү талаптар сакталган учурда гана кабыл алына тургандыгын эсиӊизден чыгарбоону ѳтүнѳбүз:

  • Каттын темасында кайсы позицияга талаптанып жатканыӊыз кѳрсѳтүлсүн
  • Резюмени ФАА боюнча сактап коюу (ФАА толугу менен жазылсын)
  • Резюме орус тилинде даярдалсын
  • Жашаган жерин: шаарын, шаарчасын же айылын кѳрсѳтүү

Эгерде Сиздин тажрыйбаӊыз менен кесиптик кѳндүмдѳрүӊүз вакансиянын талаптарына туура келсе, биз Сиз менен резюмеде жазылган маалыматтар аркылуу байланышабыз. Компаниябызга кѳрсѳткѳн кызыгууӊуз үчүн ыраазычылык билдиребиз.