Кыргызстанда микро жана чакан бизнеске колдоо кѳрсѳткѳн микрокредиттик компания катары «Элет-Капитал» компаниясы 2005-жылдын 29-сентябрында ишке киришкен.
Учурда Компания Жабык акционердик коом формасында түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишмердүүлүк жүргүзгѳн жана 2 093 344 115 сом насыя портфели менен 22 427 активдүү кардары бар адистетиштирилген микрофинансылык мекеме болуп эсептелет.
«Элет-Капитал» компаниясы 245гѳ жакын кызматкер эмгектенген 21 тейлѳѳ кеӊсесин камтыган кеӊири филиалдык тармакка ээ.
Топтолгон ийгиликтүү тажрыйбасы, ишмердүүлүгүндѳ эл аралык практикаларды колдонуусу жана бизнес-процесстерди үзгүлтүксүз мыктылап туруусу, кардарларга жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу МФКнын ѳлкѳдѳгү алдыӊкы мекемелердин катарына кошулуусун камсыздады.