Кардарларды коргоонун принциптери – бул Компаниябызга кайрылууда кардар бизден күткѳн тейлѳѳнүн негизги стандарттары.

Кардарлар менен узак мѳѳнѳттүү ѳнѳктѳштүк мамилелерин түзүү максатында «Элет-Капитал» микрофинансы компаниясы ѳз ара ишенимдин, түшүнүүнүн жана сый-урматтын болушу үчүн колунан келген күч-аракетин жумшап, кардарлардан да мындай мамилени күтѳт.

  • Принцип №1:

    Тийиштүү ѳнүмдѳрдү иштеп чыгуу жана сунуштоо

    Компания кардарлардын муктаждыктары менен шарттарына ылайык келген, кардардын үй чарбасы менен бизнесинин ар кандай керектѳѳлѳрүнѳ багытталган ийкемдүү жана ыӊгайлуу насыя ѳнүмдѳрүн сунуштайт.
  • Принцип №2:

    Ашкере карыздарга жол бербѳѳ

    Компания насыянын карыздарды тѳлѳй ала турган жарандарга гана берилиши, ал эми берилген каражаттар зайым алуучуларды ашкере карыздар кылбашы үчүн акылга сыярлык чараларды кѳрѳт.
  • Принцип №3:

    Ачык-айкындуулук

    Түшүнбѳстүктѳрдүн келип чыгуусуна жол бербѳѳ, ошондой эле кардар тарабынан жакшылап ойлонуштурулган жана таразаланган чечимдердин кабыл алынышын камсыздоо максатында Компания керектүү бардык маалыматтарды оозеки жана документтештирилген формада берет.
  • Принцип №4:

    Жоопкерчиликтүү баа чыгаруу

    Насыя берүүнүн наркы, мѳѳнѳтү жана шарттары кардарлар үчүн жеткиликтүү жана Компания үчүн финансылык жактан туруктуу боло тургандай түрдѳ белгиленет.
  • Принцип №5:

    Кардарларга калыс жана сый мамиле

    Компания ѳз кызматкерлеринин ѳкүлчүлүгүндѳ кардарларга калыс жана сый мамиле жасайт. Бизде дискриминация жок. Компаниянын жетекчилиги коррупцияны аныктоону жана жоюуну кепилдеген чараларды камсыз кылат.
  • Принцип №6:

    Кардарлар тууралуу маалыматтардын конфиденциалдуулугу

    Компания кардарларга тийиштүү маалыматтардын конфиденциалдуулугу жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик-укуктук талаптарын сактайт.
  • Принцип №7

    Даттанууларды чечүү механизми

    Дээрлик ар бир даттанууга олуттуу мамиле жасалат, ошондуктан кардарлардан келип түшкѳн даттанууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу механизмди түзѳбүз. Даттануулардын ар бири толук изилденип чыгууга тийиш, ѳз убагында жана бир беткейсиз чечилет.