Кардарлардын укуктары

Насыя келишимине кол коюудан мурун кардар тѳмѳнкү укуктарга ээ:

  • насыя келишимин тиркелген бардык документтери менен чогуу колуна алып, Компаниядан тышкары жерге юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу, мында аталган келишим менен таанышып чыгуусу үчүн кардарга берилген мѳѳнѳт бир күндѳн кем болбоого, бирок үч жумуш күнүнѳн ашпоого тийиш;
  • Компаниянын кызматкерлерине тѳмѳнкү маалыматтарды түшүндүрүү жана алар боюнча консультация берүүсү үчүн кайрылуу:
    - кардардын тандоосуна жараша мамлекеттик жана/же расмий тилде насыя ѳнүмүнүн толук баасы боюнча маалыматты кошкондо, насыя берүүнүн шарттары тууралуу маалымат алуу;
    - зайым алуучунун жоопкерчилигин, милдеттерин, анын ичинде ѳзүнүн финансылык абалы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды берген учурлар үчүн жоопкерчилиги менен милдеттери кошулуп, насыя келишиминин шарттары жѳнүндѳ; ошондой эле насыя алуу жана насыя келишиминин шарттарын бузуу, күрѳѳ камсыздоосун кѳрсѳтүү менен байланыштуу тобокелдер, жана кепилдик берүүдѳгү жоопкерчилик тууралуу;
    - насыя келишиминин шарттарын ѳзгѳртүү мүмкүндүгү менен тартиби жѳнүндѳ;
    - насыя алууга, тейлѳѳгѳ жана аны кайтарууга байланыштуу бардык тѳлѳмдѳрдүн тизмеси жана ѳлчѳмдѳрү боюнча

Насыя келишимине кол коюлган учурдан тартып келишим боюнча акча каражаттарын колуна алган мезгилге чейин кардар эч кандай акы тѳлѳбѳй туруп насыя алуудан баш тартууга укуктуу.

Насыя келишимине кол коюп, Компаниядан акча каражаттарын алган соӊ кардар тѳмѳнкүдѳй укуктарга ээ болот:

  • Компаниядан анык карызынын ѳлчѳмү тууралуу маалымат алуу жана насыя келишиминин шарттары ѳзгѳргѳн учурда – тѳлѳмдѳрдүн жаӊы графигин алуу;
  • насыя боюнча карыздын толук суммасын же анын бир бѳлүгүн эч кандай айып пул тѳлѳбѳстѳн, мѳѳнѳтүнѳн мурда тѳлѳѳ;
  • насыя боюнча пайыздык коюмдун ѳлчѳмүн сот тартибинде талашуу;
  • насыяны узартуу же реструктуризациялоо ѳтүнүчү менен Компанияга кайрылуу. Зайым алуучу Компанияга насыяны узартуу же реструктуризациялоо ѳтүнүчү менен жазуу жүзүндѳ кайрылган учурда, Компания аны карап чыгып, арыз ээсине кайрылуу боюнча алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндѳ жооп берүүгѳ тийиш;
  • эгерде насыянын негизги суммасынын 50 пайызынан кѳбү тѳлѳнүп бүткѳн болсо, анда коюлган күрѳѳнүн ордуна баасы насыя боюнча карыздын калган суммасын жаба турган башка күрѳѳ коюу.

Ошондой эле, кардар тѳмѳнкү укуктарга ээ:

  • - насыя боюнча тѳлѳмдѳрдү, үстѳк айыздарды, айып пулдарды эсептѳѳ тартиби жѳнүндѳ түшүндүрмѳ берилишин талап кылуу;
  • - насыя келишими түзүлѳ (жолжоболоштурула) турган тилди (мамлекеттик же расмий) тандоо.

Кардарлардын милдеттери

  • Компаниядан алган акча каражаттарын насыя келишиминде кѳрсѳтүлгѳн максаттарда пайдалануу;
  • Компанияга насыяны жана пайыздарын насыя келишиминде кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳрдѳ кайтаруу;
  • Насыя боюнча карызды убагында тѳлѳбѳгѳндүгүнѳ, ошондой эле сотко кайрылууга байланыштуу Компанияга келтирилген чыгымдарды, анын ичинде: шаар аралык сүйлѳшүүлѳргѳ, зайым алуучу менен уюлдук байланышка, Компаниянын кызматкерлеринин «Баруу актысына» ылайык зайым алуучуга баруусуна, тѳлѳнгѳн мамлекеттик тѳгүмдѳргѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берүү;
  • Компанияга ѳзүнүн тѳлѳѳ жѳндѳмдүүлүгү жѳнүндѳ туура маалымат берүү;
  • Компанияга насыяны жана пайыздарын убагында кайтарууга таасир этиши мүмкүн болгон бардык ѳзгѳрүүлѳр жана кыйынчылыктар тууралуу билдирип туруу;
  • Компанияга фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, катталган дареги жана иштеген жеринин ѳзгѳргѳндүгү жѳнүндѳ мындай маалыматтарда ѳзгѳрүү болгон учурдан тартып 10 күндүн ичинде кабар берүү.