Насыя тарыхчасын жакшыртуу боюнча 5 кеӊеш

Ипотека же башка ири суммада насыя алууну пландап жатасыз, бирок начар насыя тарыхчаӊыз баарын бузуп коёт деген тынчсыздануу жаралдыбы? Коркпоӊуз – аны азыр деле оӊдосо болот. Кантип жакшыртса боло турганын карап кѳрѳлү.

Сиздин финансылык беделиӊиз

Насыя тарыхчасы — бул зайым алуучу тарабынан зайым (насыя) келишими, ошондой эле башка келишим же мыйзамда белгиленген милдеттенмеси боюнча алган милдеттерин аткаруусун мүнѳздѳгѳн маалымат.

Насыя тарыхчасында зайым алуучунун жеке маалыматтары, ошондой эле алган насыялары, жана эӊ башкысы — зайым алуучунун аларды кантип кайтарып бергендиги тууралуу толук маалымат камтылган. Буларды Сиз кайрылган бардык насыя мекемелери реестрге - «Ишеним» насыя бюросу ЖАКна тапшырууга тийиш.

Эгерде мурун алган насыяларыӊызда тѳлѳм мѳѳнѳтүн ѳткѳрүп жиберүүлѳр болгон болсо, келечекте насыя мекемеси карыз каражат берүүдѳн баш тартууга укуктуу.


Жакшыбы же начарбы?

Эгер Сиз насыя же зайым боюнча тѳлѳмдѳрдү убагында ишке ашырып жатсаӊыз, же болбосо тѳлѳмдүн мѳѳнѳтүн ѳткѳрүп жиберүү 30 күндѳн ашпаган болсо, анда насыя тарыхчаӊызды жакшы деп баалоо мүмкүн. Ал эми насыя боюнча тѳлѳмдѳрдү аткарбай жатсаӊыз же аларды 90 күндѳн ашуун убакытка чейин кечиктирсеӊиз, анда насыя тарыхчаӊыз начар деп сыпатталат.

Насыя тарыхчасын кантип калыптандырса болот?

Насыя алып, убагында тѳлѳѳ. Мисалы, ири суммадагы насыя же ипотека алмакчы болдуӊуз дейли. Финансылык эксперттер буга чейин насыя картасын алып, кечиктирүүлѳргѳ жол бербестен, ал аркылуу дүкѳндѳрдѳн тѳлѳѳнү сунушташат. Муну менен жакшы насыя тарыхчасы калыптанат. Маселен, тиричилик буюмун насыяга алса болот.

Начар насыя тарыхчасы менен кандай болот?

Албетте, аны жакшыртыш керек. Насыя тарыхчаларын архивдик сактоонун мѳѳнѳтү насыя тарыхчасында камтылган дебитордун милдеттери жѳнүндѳ маалымат акыркы жолу ѳзгѳргѳн күндѳн тартып жети жылдан кем болбоого тийиш. Андан кийин ал маалымат жок кылынат, тагыраагы насыя тарыхчаларынын катарынан чыгарылат. Мурда ѳтѳ эле ишенимсиз зайым алуучу болгон учурда деле, белгилүү бир мѳѳнѳт ѳткѳн соӊ бул маалымат жалпы реестрден ѳчүп калат.

Ал эми насыяны азыр алыш керек, бирок бедел жакшы эмес болсочу?

  • Жаӊы насыя алабыз. Азыраак суммадагы насыя алып, аны убагында тѳлѳп туруӊуз. Бул тууралуу маалыматтар Насыя бюросуна түшѳт, тарыхчаӊыз болсо акырындап жакшыра берет. Каалаган насыя мекемесинен депозит ачып койсо болот. Аны дайыма толуктап туруӊуз. Эгерде туруктуу толуктоолорду ишке ашырып турсаӊыз, анда бул насыя мекемеси үчүн Сиздин тѳлѳѳгѳ жѳндѳмдүү жана тѳлѳмдѳргѳ кылдат кѳӊүл бура турганыӊыздын белгиси боло алат.
  • Кѳп сандагы майда насыялар – жакшы эмес. Насыя мекемесинде Сиздин каражатка жараша жашай албагандыгыӊыз жана дайыма эле акчага муктаж экендигиӊиз жѳнүндѳ ой жаралат. Ал тургай майда насыяларды мѳѳнѳтүнѳн эрте тѳлѳгѳн күндѳ деле, насыя тарыхчаӊызды бузуп алышыӊыз ыктымал.
  • Насыя тарыхчаӊызды байкап туруӊуз – бул түз маанисинде айтылып жатат. Кээде насыя мекемелеринен, МФУ жана башка уюмдардан алардын кардары болбогон жарандардын насыя тарыхчалары боюнча сурамдар келип түшкѳн учурлар бар. Бирок мындай сурамдар – түздѳн-түз мыйзам бузууга жатат жана жарандын макулдугунун негизинде аткарылууга тийиш. Эксперттер белгилегендей, кѳп сандагы сурамдардын болушу адамдын скорингдик баллына же жеке рейтингине терс таасирин тийгизет. Демек, уруксатсыз сурамдардын баарын аныктап чыгып, мүмкүн болушунча алардан арылуу абдан маанилүү.
  • • Насыя тарыхчасын байкап туруу алдамчылардын аракеттеринен коргонуу максатында да аткарылууга тийиш. Сиз ѳзүӊүзгѳ «кѳмүскѳ насыянын» жолжоболоштурулганын да билбей калышыӊыз ыктымал – аферисттер уурдалган же таап алган паспорт менен насыя алышы мүмкүн. Мындан тышкары, насыя сиздин наамыӊызга кокустан – насыя мекемесиндеги техникалык каталардан улам жолжоболоштурулуп калышы да ыктымал. Маселен, сиздин фамилияӊыз, атыӊыз жана атаӊыздын аты башка зайым алуучунуку менен окшош болуп калган учурлар болбой койбойт.

Ал эми паспортуӊузду жоготуп коюп, жаӊысын алсаӊыз жана арам ойлуулар эски паспортуӊузду колдоно тургандыгынан шектенсеӊиз, Насыя бюросуна паспорттук маалыматтарыӊыздын ѳзгѳргѳндүгү тууралуу кабарлап койсоӊуз болот. Маалыматтардын ѳзгѳргѳндүгүн тастыктаган документтердин кѳчүрмѳлѳрүн тиркеп коюу зарыл. Бюро сиздин насыя тарыхчаӊызга тийиштүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип, эски паспортуӊуз жараксыз экендиги тууралуу эскертүү жазып коёт.

Ѳздүк насыя тарыхчасын кантип билсе болот?

Насыя боюнча отчёт алуу үчүн Бишкек ш., Ахунбаев кѳч., 127/1 (Малдыбаев кѳч.кес.), Бизнес-борбор, 4-кабат дарегинде жайгашкан Насыя бюросунун кеӊсесине барып, же +996 (312) 986565 номерлүү кѳп каналдуу телефонго чалып кайрылыӊыз.
Кененирээк маалыматты http://www.ishenim.kg/ru/Services/ShowService/114, ошондой эл https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=108&lang=RUS&material=72197 сайттарынан алса болот.

Жыл сайын – насыя боюнча биринчи отчёт АКЫСЫЗ берилет. Кийинки отчеттордун ар биринин баасы - 200 сомду түзѳт. Кардарларды тейлѳѳ Дүйшѳмбү – Жума, күндѳрү саат 09:00дѳн 17:00гѳ чейин жүргүзүлѳт, түшкү тыныгуу - саат 12:00дѳн 13:00гѳ чейин.

www.finsabat.kg сайтынын материалдары колдонулду.