Жеке казынаны үнѳмдѳѳнүн 8 жѳнѳкѳй эрежеси

Сизге үйдүн чатырын оӊдоо же Ысык-Кѳлгѳ барып эс алуу үчүн акча чогултуш керек, бирок эмне кылсаӊар да ага каражат артпай жатабы? Иштеп тапкан акчаӊыз деле жетиштүү, бирок айдын аягы келгенде эле жакындарыӊыздан же досторуӊуздан карыз алууга туура келип калат. Кѳптѳгѳн үй-бүлѳлѳр үчүн бул тааныш кѳрүнүш. Үй-бүлѳлүк бюджетти туура пайдалануунун бир нече жѳнѳкѳй эрежеси бар.

1. Максаттарды туура жана так белгилеӊиз

«Ашкананы оӊдоп-түзѳп алсак болот эле». Жок, бул максат эмес, бул – убакытты созгон кыялдар. Алдыӊызга конкреттүү, акча жана убакыт менен ченеле турган максат коюӊуз. Канчалык конкреттүү болсо, ошончолук жакшы. «20…-жылдын 1-декабрына чейин ашкананы 37 миӊ сомго оӊдоп-түзѳп алышым керек». Мына эми максатка окшоду. Жашоонун ар кайсы мезгилине 1 максаттан койсоӊуз болот (кыска, орто жана узак мѳѳнѳттүү максаттарды). Эӊ башкысы, алар чындыкка дал келиши керек.

Эртеӊ баштайм деген да азгырык бар экенин баарыбыз билебиз. Мындай учурда, дароо азыр, бул саптарды окуп жатып, кагаз алыӊыз да, максатыӊызды жазыӊыз. Алгачкы кадам жасалды!


2. Чыгымдарды кѳзѳмѳлдѳӊүз

Эгер сиз канча каражат сарптап жатканыӊызды билбесеӊиз, финансыны эсепке алууга киришиӊиз. Бул үчүн кѳп нерсенин деле кереги жок. Жѳн гана бардык чыгымдарыӊызды ѳзүнчѳ бир блокнотко же Excel программасына жаза бериӊиз. Ооба, алгач бул ѳтѳ эле жадатма жана кызыксыз болуп сезилет. Бирок акчаларыӊыз кайда кетип жатканын жана эмнеге жетпегенин ушундай жол менен гана биле аласыз.

3. Бюджетиӊизди пландаӊыз

Канча акчаны эмнеге корото турганыӊызды так билген соӊ гана, үй-бүлѳлүк бюджеттин кезектеги жана эӊ маанилүү кадамдарынын бири – пландоого ѳтѳ аласыз. Бюджетти пландоо * сизди алдыга койгон максаттарыӊызга алып келе турган тактика.

Пландоо импульсивдүү сатып алууларга жол бербей, сарптоолорго ойлонуштуруп мамиле жасоону камсыздайт.

4. Түрдүү максаттарга ѳзүнчѳ акча топтоӊуз

Ар бир үй-бүлѳдѳ акча чогултуучу кутуча болууга тийиш. Ай сайын болгону 1 миӊ сомдон салган учурда деле бир жылда 12 миӊ сом чогулуп калат. Бул андай деле чоӊ сумма эмес, бирок кээде кошумча карыз алуудан куткарат. Ал эми кандайдыр бир конкреттүү максаттарга акча топтоп жаткан болсоӊуз, анда алардын ар бирине ѳз-ѳзүнчѳ чогулткан жакшы.

5. Сѳзсүз түрдѳ «коопсуздук жаздыкчасын» калтырыӊыз

Жашоодо ар кандай форс-мажор абалдары же күтүлбѳгѳн чыгымдар боло берет. Жылуу ѳлкѳлѳргѳ бирге барып эс алуу же ири буюмдарды сатып алуу тууралуу да эсиӊизден чыгарбаӊыз. Кээде кѳйгѳйлѳр менен күнүмдүк түйшүктѳрдүн ичинде акча топтоо мүмкүн болбогондой сезилет. Бирок бул жѳн гана сиздин оюӊуз.

Үй-бүлѳӊүздүн «коопсуздук жаздыкчасын» пайда кылыӊыз. Кирешеӊиздин жок дегенде 10%ын ошого салып, ал тууралуу унутуп коюӊуз.

6. Жеке сарптоолор менен топтоолорго орун калтырыӊыз

Жалпы бюджет – бул жакшы жана ыӊгайлуу. Бирок анда бир чоӊ минус бар. Күтүлбѳгѳн сюрприз тартуулоо же сатып түгѳтүүдѳн жаккан сумканы сатып алуу мүмкүн болбой калат. Баарыбыз эле адамбыз да, ар бирибиздин ѳзүбүзгѳ мүнѳздүү алсыздыктарыбыз бар. Жалпы акча кутучасынан ала албайбыз – уруш чыгып кетиши мүмкүн

Келиӊиз, моюнга алалы, эркектер менен аялдар кѳп учурда жеке сатып алууларда бири-бирин түшүнѳ бербейт. Ашыкча уруштар менен таарынычтардын эмне кереги бар. Жубайлар ѳздѳрү үчүн кыжалат болбой корото ала турган сумманы бѳлүп койгону туура. Бетмайлардын жаӊы топтомун алгыӊыз келип жатабы – коркпой ала бериӊиз!

7. Белектер менен майрамдарга чыгымдарды пландаӊыз

Ооба, бул учурду да эске алыш керек. Алдыдагы майрамдардын 90 пайызы силерге белгилүү. Ошондуктан үй-бүлѳдѳ мезгил-мезгили менен боло турган чыгымдар тууралуу сүйлѳшүп алыш керек. Жээниӊердин үйлѳнүү тоюна белек, ар кандай иш-чараларга «кошумча», корпоративдик кече – баары эске алынууга тийиш. Ар бир тыйынды эсептѳѳнүн кереги жок, бирок жеке лимиттериӊердин чегинен чыкпоого аракет кылганыӊар жакшы.

8. Карыз албаӊыз

Бул кѳп кишилер үчүн эӊ оор пункттардын бири болсо керек. Үй-бүлѳлүк бюджетти түзүү боюнча тажрыйба жок, акча дайыма эле жетпейт, карыз алууга туура келет. Бирок сиз карыздардан чындап эле кутулуп, тынч жана бакубат жашагыӊыз келсе, анда карыз алганды токтотуӊуз.

Экинчи кадам катары, болгон карыздардын баарын жаап, экинчи бюджетти мындай жол менен толуктоого жол бербеӊиз. Жаӊы кѳйнѳк сатып алганга акча жокпу? Демек, сатып алууга зарылдык деле жок. Капа болдуӊузбу? Ооба. Бирок бул үй-бүлѳнүн финансылык жактан кѳз карандысыз болуусун камсыздайт. Ал эми кѳйнѳктү жеке чыгымдарыӊыз үчүн бѳлүп койгон каражаттардын эсебинен деле ала аласыз. Бул учурда сатып алгандан мурда он жолу ойлонуп кѳрүүгѳ да убактыӊыз болот.

www.finsabat.kg сайтындагы материалдар колдонулду.