Сый акынын жылдык натыйжалуу коюму — бул зайым алуучунун насыя келишими боюнча тѳлѳгѳн тѳлѳмдѳрүнүн жалпы суммасы. Аталган сый акы коюму айлык тѳлѳмдѳрдѳн тышкары, насыя мекемелери тарабынан алынган комиссиялардын, карта чыгаруу үчүн жыйымдарды, камсыздандыруу тѳлѳмдѳрүн, эсепти тейлѳѳ, маалымкат берүү ж.б. боюнча тѳлѳмдѳрдү дагы камтыйт. Насыя келишимиӊизде кѳрсѳтүлгѳн сый акынын номиналдык коюму насыянын баасын туюндурат жана карыз боюнча ай сайын тѳлѳнүүчү сумманы эсептеп чыгууда колдонулат. Ошондуктан коюмдун бул эки түрү бири-биринен айырмаланып турат.