Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 344-беренесине ылайык, «Кепил (гарант) кредитордун алдында карызды төлөтүп алуу боюнча сот чыгымдарынын жана кредитордун карызкор тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан келип чыгуучу башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча үстѳк пайыздарын төлөөнү кошкондо карызкордой эле көлөмдө жооп берет. Эгерде Сиз тууганыӊыздын же досуӊуздун тѳлѳѳ жѳндѳмдүүлүгү менен ак ниеттүүлүгүнѳ ишене албасаӊыз, ага кепил болуп берүүгѳ макул болбогонуӊуз дурус. Ал насыя боюнча милдеттерин аткара албай калган учурда, мыйзам боюнча жоопкерчилик түздѳн-түз КЕПИЛГЕ, башкача айтканда Сизге жүктѳлѳт жана ал алган насыяны ѳз каражаттарыӊыздын эсебинен тѳлѳѳгѳ туура келет!