Насыя тарыхчасы – бул сиздин бардык насыяларыӊызды тѳлѳѳнүн тарыхчасы. Ал «Ишеним» насыялык маалымат бюросунда – ѳлкѳдѳгү бардык насыя алуучулардын насыя тарыхчаларын топтогон жалпы маалымат базасында сакталып, түрдүү финансы мекемелери менен иштѳѳдѳгү эӊ биринчи кѳрсѳткүчүӊүз болуп саналат. Сиздин насыя тарыхчаӊыз канчалык жакшы болсо, биздин компания жана башка насыя мекемелери менен байланыш түзүүӊүз ошончолук жеӊил болот. Эгерде мурун алган насыяларыӊыздын баары ѳз убагында, кечиктирүүсүз тѳлѳнүп келсе, Насыялык маалымат бюросунда терс насыя тарыхчасынын пайда болуу коркунучу жаралбайт жана алдыда жашооӊузга жагымсыз таасирин тийгизбейт.