Ооба, эгерде кирешеӊиз туура келсе, мүмкүн. Бирок насыя үй-бүлѳлүк бюджетке оордук келтирбѳѳгѳ тийиш. Ошондуктан келишимге кол койгонго чейин бир айлык чыгымдарыӊыздын бардыгын эсептеп чыгыӊыз. Үй-бүлѳлүк финансылык эсеп жүргүзүүгѳ үйрѳнүӊүз. Алгач бул ѳтѳ жадатма жана чарчатуучу иш болуп сезилиши мүмкүн. Бирок, иш-аракеттериӊиздин алгачкы натыйжаларын кѳргѳндѳ, акча кайда кетип жатканын, канча корото ала тургандыгыӊыз, канчасын бизнеске сала тургандыгыӊыз түшүнүктүү болуп калат. Ай сайын насыя компаниясына кирешеӊиздин 40%дан кем эмес бѳлүгүн тѳлѳп берүүгѳ даяр болушуӊуз керек

Ѳз күчүӊүздү эсептегенди үйрѳнүш үчүн Сизге биринчи насыяны азыраак суммага жана кыска мѳѳнѳткѳ жолжоболоштурууну сунуштайбыз. Мындайча Сиз тѳлѳмдѳр боюнча мүмкүнчүлүктѳрүӊүздү аӊдап, келечекке карата чоӊураак суммманы узагыраак мѳѳнѳткѳ алууну пландай аласыз.