Насыя боюнча ай сайын тѳлѳнүүчү сумманы тѳлѳѳгѳ байланыштуу милдеттерин бузган учурда Зайым алуучу Насыя келишиминде белгиленген ѳлчѳмдѳ туум тѳлѳйт. Насыяны убагында тѳлѳѳгѳ тоскоолдук жараткан объективдүү жагдайлар жана жѳнү бар себептер болуп калышы ыктымал. Мындай учурда сѳзсүз түрдѳ АЛДЫН АЛА насыя боюнча адисиӊизге кайрылышыӊыз керек. Бул этапта компания түшүнүү менен кабыл алып, кѳйгѳйүӊүздү карап чыгат.