Көңүл буруңуз!!!! АЛДАМЧЫЛЫК!!!

МФК "Элет-Капитал" ЖАК компаниянын кызматкерлеринин атын жамынып же "Элет-Капитал" аталышын пайдалануу менен онлайн насыя кызматтарын сунуштаган алдамчылыктар тууралуу эскертет.

Бул үчүн алдамчылар сизден Сиздин атыңызга сим-картаны алууну жана О! же Билайн мобилдик операторлорунун жаңы телефон номерине сим-картаны берүүнү суранышы мүмкүн же аларга сиздин Элсом капчыктарыңыздын же Элкарт төлөм карталарыңыздын маалыматтарын берүүнү, ошондой эле алыстан каттоо жана идентификациялоо үчүн Сиздин жана сиздин паспортуңуздун сүрөтүн өз уюлдук телефонуңузга тартууну суранышы мүмкүн.

МУНУ ЖАСООНУН КАЖЕТИ ЖОК!

 Сиздин бардык жеке маалыматтарыңызды ыктыярдуу өткөрүп бергенден кийин (жүзүңүздүн сүрөтү, паспорт, электрондук капчык менен сим-карта, 16 орундуу номер жана 3 орундуу сим-карта), шылуундар Сиздин атыңызга "онлайн насыя"ала алышат!

Алдамчылар өзүн компаниянын кызматкери катары тааныштыруу менен микрокредиттик кызматтарды же карызга акча берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кулактандырууларды ар кандай Интернет-сайттарда же атайын жарнамалык тиркемелерде, мессенджерлер аркылуу алыстан компаниянын elet.kg расмий сайтында каттоодон өтүүнү сунуштай алышат. Алар сизден каттоодон өткөн телефон номериңизди айтууну, EletKapitalдан келген бир жолку SMS паролду ж.б. айтып коюуңузду суранышы мүмкүн.

МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ БӨЛҮШПӨҢҮЗ!!

Ошондой эле, компаниянын номерлерин кайталай турган (окшош) виртуалдык номерлерден чалуулар болушу мүмкүн. Алдамчылар өздөрүн компаниянын кызматкерлери катары көрсөтүп, шилтемени басууну же картаңыздын номери жана CVV-коду менен форманы толтурууну суранышы мүмкүн. Эсиңизде болсун-"Элет-Капитал" кызматкерлери ар кандай шилтемелер боюнча өтүүнү, Сиздин картаңыздын маалыматын толтурууну СУРАНБАЙТ!!

АЛДАМЧЫЛАРДЫН ИШ таштоосуна түшүп калбоо ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ МААЛЫМАТТАРДЫ БИЛҮҮ ЖАНА КОЛДОНУУ МААНИЛҮҮ:

-  Компаниянын СМСТЕРИ ар дайым бир эле EletKapitallдын номеринен келет:

-  Шылуундар компаниянын кызматкерлери катары тааныштырып, өз кызматтарын телефон аркылуу сунушташат же колдонуучуга фишинг сайтына шилтеме жөнөтүшөт, ал сыртынан компаниянын вебсайтына окшош болушу мүмкүн www.elet.kgбирок деталдуу изилдөөдө кошумча белгилер (тамгалар ж.б.) көрүнөт.

- Текшерилбеген WI-FI колдонбоңуз. Администратор ресурстарга катталуу үчүн киргизген жеке маалыматтарыңызды уурдап алуу коркунучу бар: толук аты-жөнү, байланыш маалыматтары, банк картасынын номери.

- Эгерде сизде жогоруда айтылгандарга байланыштуу кандайдыр бир КҮМӨН/шектенүү болсо же кошумча маалымат алуу үчүн Компаниянын Call-борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз:

+ 996 312 66 61 84 (шаардык)
+ 996 701 93 38 81 (О!)
+ 996 777 93 38 81 (Beeline)
+ 996 550 93 38 81 (MEGA)
WhatsApp +996 777 93 38 81

«Элет-Капитал» МФК ЖАК

©  КРУБ Лицензиясы  № 013, №013/1  30.03.2018-ж.