12-январда биздин Беловодск филиалында “3 000 000 000 насыя” сынагынын жеңүүчүсүнө арналган иш-чара болуп өттү
🏆Чүй облусунун Беловодск айылынын тургуну Умаров Ислам Юсупджанович жеңүүчү болду.
Иш-чара башкармалыктын мүчөсүнүн милдетин аткаруучу – «Элет-Капитал» ЖЧКсынын операциялык директору Илимбек Бектеналиевдин салтанаттуу сөзү менен башталды.
Ал өз сөзүндө жеңүүчүнү жана жеңүүчүнүн насыясын кабыл алган филиалдын кызматкерлерин жеңиши менен куттуктады.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүгө сертификат жана эки камералуу муздаткыч тапшырылды.
Иш-чарада жылуу сөздөр айтылып, ыраазычылык жана кубаныч менен коштолду.